Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

27 жаштагы кыздын колу-бутун байлап, акчасын тоноп кетишти

Кылмыш
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
614
Бишкек шаарынын тургунуна күч колдонуп, ири өлчөмдөгү акчасын жана баалуу буюмдарын тоноп кеткен эки шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, 15-январда милиция кызматкерлерине 27 жаштагы Б.И. белгисиз адамдар тарабынан тонолгонун билдирген. Жабырлануучунун айтымында, 14-январда кечки саат 22:00 чамасында 20-25 жаштагы белгисиз эки эркек бала үйүнө кирип, колу-бутун байлашкан. Андан соң, жабырлануучунун 23 миң сомун, 600 АКШ долларын жана «Самсунг Гелекси» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 200 долларлык кол саатын, ошондой эле алтын сөйкө, шакектерин алып кетишкен. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИБ менен Ленин РИИБдин кызматкерлери бирге ыкчам иликтөө жүргүзгөн. Иш-чаранын жыйынтыгында Бишкек шаарынын тургундары: 26 жаштагы К.А. жана 20 жаштагы Д.Х. шектүү катары кармалды.  Кылмышка шектүүлөр Ленин РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.