Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

200 сом үчүн адам өлтүргөн жаран кармалды

Кылмыш
17 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
463
Кечээ түндө Бишкекте таксист өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Таалай Бугубаев билдирди.  Маалыматка караганда, шаршемби түнү Ак-Өргө районундагы Гагарин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа токтоп турган.  Милиция кызматкерлери унаанын жабыркаганын байкап, аны текшерип көрүүнү чечишкен. Унаада отурган жарандын айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталган. Ал канга боелуп отурган. Унаанын салону дагы булганып калган. Милиционерлер ага жардам көрсөтүү үчүн ооруканага алпарууну сунуштаганда, ал адам өлтүргөнүн моюндаган. Таксисти өлтүрүп, унаасын айдап алган  жаран 200 сом үчүн таксистти өлтүргөнүн айтып берген.  "Жарандын берген маалыматы боюнча таксист аны айткан жерине жеткиргенден кийин жүргүнчүнүн акчасы жок болуп чыккан. Ортодо чыр чыгып, мушташып кетишкен. Жүргүнчү таксистти өлтүргөндөн кийин сөөктү Дордой базары менен мүрзөнүн ортосуна ыргытып салган",-деп билдирди Т.Бугубаева. Көрсөтүлгөн аймактан таксисттин денеси да табылды. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.