Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

19 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Кылмыш
31 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
538
Ысык-Көлдө 19 жаштагы кызды өлтүргөн деп шектелген жаран кармалды. Мындай маалыматты “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл облустук Ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирген. Анын маалыматына  караганда, кылмышка шектүү жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну болгон. Кылмышка шектүү жаран каза тапкан кыз менен интернет аркылуу сүйлөшүп жүргөн. Жолугушууга келгенде кыз жактырбай коюп, ага арданган бала аны 11 жолу бычак менен сайып өлтүргөн деген божомолдор бар. Учурда тергөө иши уланууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.