Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

150 адам абактан качып кетти

Кылмыш
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
409
Куралчан адамдар Филиппиндин Минданао аралында жайгашкан абак жайына кол салып, соттолгон 150 адам түрмөдөн качып кеткенге үлгүрүшкөн. Бул тууралуу маалымат кечээ тараган. Чабуулдун натыйжасында абактын бир коопсуздук кызматкери мерт кетип, абакта жаткан бир адам жаракат алган,-делет кабарларда.  Абактын жетекчилиги кол салуу шаршембиге караган түнү, саат бирде болгонун билдирди.  Айрым маалыматтарда изделип жаткандардын алтоосу кармалганы кабарланууда.
Булак: BBC кыргыз кызматы
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.