Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

10 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кыз кармалды

Кылмыш
11 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
32
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында жаш баланы унаа менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кызды кармашты.
Башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардын 7-кичи районунда 6-апрелде саат 18:20 чамасында белгисиз унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын кесепетинен 10 жаштагы М.Б. жаракат алып, ооруканага кайрылган.
Жол кырсык фактысы ШИИБге катталып, топтолгон материалдар тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин издөө иштеринин жыйынтыгында шаардын 19 жаштагы тургуну Н.К. (кыз) кармалып, «Субару Аутбек» үлгүсүндөгү унаа табылды.
Унаа айып аянтчасына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми айдоочу кыз Жол кырсык боюнча тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу