Курс НБ на 27.06.2019 $69,5988 €79,0503

​ Жүздөгөн жалган «афганчылар» сегиз жыл пенсия алып жүрүшкөнү аныкталды

Кылмыш
10 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
200
Бул тууралуу Мекемелер аралык комиссиянын мамлекеттик жеңилдиктерден пайдаланган тараптарды текшерүү ишинин жыйынтыгында маалым болду. Маалыматта Афган согушунун ардагерлерине  жүздөгөн жалган «афганчы» кошулуп, сегиз жылдан бери 129 миллион  156 миң сом пенсияны мыйзамсыз алып жүрүшкөнү айтылат. Комиссия ардагерлердин аскердик билеттери менен архивдерди текшергенде Башкы штабдын, УКМКнын, Чек ара кызматынын, ИИМ, ӨКМ, ЖАМК жана Салык кызматынын учурдагы жана мурунку офицерлери жалган афганчы болуп чыгышкан. Жалпысынан 136 кишинин маалыматы архивде жок болуп, алар эч кандай согуштук иш чараларга катышпаганы аныкталган.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.