Курс НБ на 21.11.2019 $69,8500 €77,2506

​ Эки кишини катуу сабады деген шек менен издөөдө жүргөндөр кармалышты

Кылмыш
06 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
84
Бишкекте эки кишини катуу сабады деген шек менен издөөдө жүргөн Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков кармалганын ИИМ басма сөз кызматы  билдирди.  Маалыматка ылайык, шаардык милициянын криминалдык кызматынын өкүлдөрү шектүүлөрдү Кыргызстандын аймагынан кармашкан. Учурда алар милициянын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок «Жалбырак ТВ» каналы тараткан видеодо алар милицияга өздөрү келгени айтылып, анда милиция кызматкерлери камакка алуу тууралуу чечимин окуп берип жатканы көрсөтүлгөн. Видео 6-сентябрь күнү таңкы саат төрт чамаларында тартылган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу