Коомдук транспорттордо санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада санитардык эрежелердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө. Бул багытта  атайын мобилдик топтор иш барып жатышат. Атайын адистер санитардык эрежелер боюнча  айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин күн сайын шаардын эл көп топтолгон аялдамаларында өткөрүүүдө. Ушул жылдын 1-апрелинен  бери Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан 47 протокол түзүлүп, транспорттук инспекция жана Борбордун мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору аркылуу 85 500 сом айып пул салынган. Пандемиянын шарттарын бузгандарга эскертүү берилип, бир нече жолу бузгандарга — маска режимин сактабагандыгы, антисептик каражаттарынын жоктугу үчүн — Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.

error: Content is protected !!