Коомдук ишмер, профессор Каныбек Осмоналиев: “Билим берүү системасын саясатташтырып алдык”

Өлкөбүз эгемендикке жетип, өз жолун өзү таап, мамлекетибиздин жоопкерчилигин колго алып, 30 жылда эмне деген ийгиликтерди багындырып, кандай гана кемчиликтерди кетирбедик. Биз менен бул багытта Коомдук ишмер, экс-депутат, физика, математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев ой бөлүштү.

Жетимиш жылдап түптөлгөн эл байлыгы талап тонолду

-Биздин Кыргызстан СССРдин кулашына байланыштуу өз очогун өчүрбөй оокат кыла баштаганына, мына 30 жыл толуп отурат. Албетте, бул убакыт карт тарыхтын бир бүктөмүндө эле кала турган алы бар. Бирок, адам өмүрү менен өлчөй турган болсок бир муунду толук камтыганга кудурети жетет. Кыргызстан кандай абалга келдик, каякты көздөй бара жатабыз? Жашоо-турмушубуз кантти? Өзүбүздүн жолубузду таба алдыкпы? Ушуга окшогон суроолор көп берилип, ага болгон жооптор андан дагы көбөйүп, дагы жаңы суроолор пайда болуп, анын үстүнөүстөккө-босток пикирлерди айтып, сайрап эле келе жатабыз! Бирок, элдин жашоосу СССРден бери карай ырайымсыз түрдө эле начарлап кеткендигин моюнга алуубуз абзел. Мен эми бул жерде базар экономикасынын көзүн же жапайы мыйзамын дароо түшүнө коюп, чеберчилик менен пайдаланып, СССРден калган эбегейсиз байлыкты шапа-шупа өз ара-келишип алып, талап кеткен чиновник-ууруларды жана “советтик кызыл кулак соодагерлерди” кошкон жокмун. Ал жексурлар калктын аз эле бөлүгүн түзүшөт жана бүгүнкү күнгө чейин чардап жашашат. Өздөрүн “элитабыз”жана “ак сөөктөрбүз” деп атап алышкан. Ошол жапайы талап-тоноочулуктун кайгылуу кесепети биринчи кезекте мугалимге, илимпозго, врачка, маданият кызматкерине тийди. Кайдагы бир Батыштан ойлоп табылган  “Песак” аттуу афёралык псевдопрограмманыбиздин ошол кездеги саткын чоңдорубузга таңуулап киргизе коюшуп республикабыздагы эң кубаттуу делинген завод-фабрикаларыбызды талап-тоноп тынышты. Аны ээлеп алган шылуундар жомоктогудай байышты. Анан кезек колхоз-совхоздорго келип, алардын дагы түбүнө жетишти! Эгемен Кыргызстандын 30 жылдык доорундагы реалдуу картина мына ушундай!

 Эгемендүүлүк жылдарыбыздын эзиндисинде калган билим жана илим

-Өлкөбүздүн билим берүү жана илим системасынын тагдыры абдан трагедиялуу болду! Мен Советтер Союзунун доорунда билим алып, анан илим менен алектенген тагдырыма абдан ыраазымын! Өмүрүмдөгү эң чоң бакыт катары кабыл алам. Бийик тоолордун кучагында төрөлүп, кадимки эле жалпы орто билим берүүчү мектептен окуп, анан институтка кирип, илим-билимге каныгып чыккан муундардын катардагы эле өкүлүмүн. Ооба ал кезде билим алуу абдан катаал талаптардын астында болчу. Азыркыдай оңой-олтоң, кайдагы бир мазмуну чолок, мааниси жок “силабустар” биздин учурда  кылмыш иштерине тете каралат эле. Андан кийин аспирантура, докторантура болду. Бирок, ошол чыгымы эбегейсиз зор болгон окууларды СССР мага бекер берди да. Ал үчүн менин талантым, түйшүктүү эмгегим, аракетим гана талап кылынды. Болгондо дагы абдан катуу! Жүздөн бирибиз гана чыдап, татыктуу болуп өтө алдык! Ар ким өзүнүн алына жараша кесип тандап кетти. Бирок, СССР алардын баарын бекер окутту. Жалпы орто билимден баштап, кесиптик билимдин тепкичтери болушкан башталгыч, атайын орто жана жогорку окуу жайлары жаштар үчүн бекер болду. Ал турсун жөндөмүбүзгө жараша стипендия алып окудук. Азыр балдарым менен неберелерим жомок катары кабыл алышып ишенишпейт.

СССРдин билим берүү системасы дүйнө жүзүндө эң алдыңкы орунда болчу. Айрыкча, мектептери, кесиптик окуу жайлары, училища-техникумдар, институттар жана университеттер керек болсо дүйнөлүк эталон болушкан! Окуу жайлардын абалдары, мугалимдер менен окутуучулардын социалдык маселелери ар дайым бийликтин камкордугунда, көз алдында турган. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн эң башкы функцияларына кирген. Мугалимдердин кесиптик деңгээли өкмөт тарабынан тынымсыз көзөмөлдөнүп турган. Алар үчүн райондук, областтык жана республикалык билимди өркүндөтүү мекемелери эң жогорку деңгээлде иштеп турушчу. Мен өзүм мектепте физика мугалими болуп иштедим. Мага электр энергиясы бекер болчу. Жылына 2 тонна көмүр бекер берилип, отун-суу маселеси дагы зор жеңилдиктер менен камсыз кылынаар эле. Ар бир сабакка “сааттар аралык” план жазып, аны өзүм мыктылап өздөштүрүп, андан кийин завучка кол койдуруп алып гана класска кирчүмүн. Ар бир жумада менин сабагыма завуч баш болгон, кээде директор өзү дагы, эң тажырыйбалуу мугалимдер киришчү. Сабактан чыкканда мугалимдер бөлмөсүнө алып кирип алышып, менин сабагымды “жиликтеп” талкуудан өткөрүшчү. Кандай гана пайдалуу кеңештер болду. Ошонун инерциясы менен дагы эле иштеп-жашап келем. Халтура кылуу, жарым жан сабак өтүү же лекция окуу түшүмө дагы кирбейт. Советтер Союзунун илимий-техникалык жетишкендиктери, албетте жалпы орто билим берген мектептерге байланыштуу эле. Ошондуктан, космосту биринчи багынтып, завод-фабрикаларды күрүлдөтө куруп, колхоз-совхоздорду укмуштуудай өстүрүп элдин жыргал турмушун камсыз кыла алган. Бул жетишкендиктер бир гана сапаттуу билим менен байланыштуу болду!

Аттары улук, супарасы курук программалар

-Биз эгемендикти оңой эле алдык. Бул тарыхый сейрек кезигүүчү феномен! Кыргыз элинин ырыскысы дал ушул. Кылымдар бою эңсеп келген үмүтүбүз орундалып, алгачкы ирет, Улуу Окябрь революциясынын шарданы менен шарттуу түрдө болсо дагы мамлекеттүү болсок, анан чыккынчылар  СССРди кыйратышкандан соң толук эгемендүүөлкө боло алдык. Тилекке каршы, ошол 1991-жылдын 31-августунан бери эле СССРден калган байлык – ресурстардын калдыктарын эле кемирип жеп келе жатабыз. Жеке чарба менен эмгек мигранттарынын аракети болбогондо жөн эле кыйрап калмакпыз. Элден айланса болот. Мен сөз кылып жаткан билим системасы деле карапайым эле элдин жеке акчалары менен кармалып турат. 30 жылда бийлигибиз советтик окуу системасын толук талкалап салып, анын ордуна  бир дагы альтернативалуу окуу системасын сунуш кылууга кудурети жетпеди. Андай түйшүктүү вазийпадан кылмыштуулук жол менен качып, окутуу саясатыбызды чет элдик шылуун жана псевдореформаторлордун колуна салып беришти. Алар биздин мектептерде өзүлөрү каалаган жана кыйраткыч саясатын жүргүзө башташты. Кадимкидей эле тажрыйба жасай турган лабораторияга айландырып жиберишти. Ушул эле көрүнүш кесиптик окуу жайларыбыздын 3 тепкичине дейре жайылды. “Кой-ай!”- деген бийликтеги киши болбоду. Анча-мынча чырылдап баш көтөргөндөрүбүздү жумуштан алып, куугунтуктап, элге жаман көрсөтүп, чүнчүтүп жиберишти. Эстеп көрүңүздөрчү? “Жан башына каржылоо”, “Айылдык  билим берүү”, “Каталиктикалык фонддун” долбоорлору, ж.б. кыйраткыч диверсиялар биздин мектепте эмне кылышты? Ал эми “Жалпы республикалык тестирлөө” афёрасы жаштарыбыздын кол жазуусун мунжу кылып, ойлонуу касиеттерин инвалидке айлантып салышты. Балдарыбыздын 11 жыл ичиндеги окуу көрсөткүчтөрүн мүнөздөгөн жетилүү аттестаттарын эч нерсеге жарабаган бир кагазга айландырып коюшту. Ушунун баарын жалпаңдап биз өзүбүз кошомат кылып колдоп келдик го? Өтө катуу жагымпоздук кылгандар, мамлекеттик сыйлык-наамдарды алышып, принципке турган мугалимдер куугунтукталышты. Олигарх мектеп директорлорунун кастасы пайда болду. Айрыкча, Бишкек жана Ош шаарларында. Алардын эң алдыңкылары баягы завод-фабрикаларды ээлеп алып жомоктогудай байыгандардан байлык топтоого жетишишти. Мунун баарын билип эле турабыз. Бирок, көзгө сайып көрсөтүп, ашкере кылып коомду айыктыралы дегендерибиз жокко эсебиз. Анткени, “ак карга” кылып сыртка чыгарып коюп жатышат! Жогорку окуу жайларды талкалаган Болонья процессинин, илимди талкалаган ИНТАС, НАТОнун, ж.б кыйраткыч программаларын айтпай эле коёюн. Аны кечээги эле КУИАдагы шайлоолор ачык ашкере кылып көрсөтүп койду. Илимий даражалар менен наамдарды ыйгаруу базардын эле эрежесине баш ийип калган. Мунун баары бүгүнкү күндөгү ачуу чындык! Ошондуктан, президентибиз билим берүү жана илим ситемасындагы мындай абалды тезинен карап чыгып, адилет баа берип, керек болсо, Коопсуздук Кеңешинин отурумуна койсо жакшы болоор эле.  Билим берүү системасы менен илимди  мындан ары төмөндөтүү мүмкүн эмес! Жетишет, баарыбыз акылыбызга келели  жакшылар, демекчимин! Ансыз деле жаштарыбыз ар түрдүү экстремисттик, деструктивдүү агымдарга сугарылып, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын тоготпой калышты. Улуттук идея жөнүндө айтсаң мыскыл мамилеге дуушар болосуң. Муну дагы 2-3 жыл деп күтпөй азыртан, күнү-түнү тартиптке салуу милдети мойнубузда турат. Материалдык байлыкты биринчи орунга коюп, руханий наркыбызды ары түртө салганыбыз ушул кейиштүү абалга алып келди. Мунун эң биринчи себеби, мектепти колдон чыгарып жибергенибиз болду. Мугалимди кейиштүү абалга кептеп, кайдагы эле бир караңгы жолго түшүп алганыбыз айып болду!

Билимсиз дүйнө караңгы

Билим берүү тармагын оңдоп кетүү бүгүнкү күндүн эң негизги милдети. Ага баарыбыз жапа тырмак киришүүбүз зарыл. Негизги катышуучулар-ата-эне, окуучу жана мугалим. Үчөөнүн өз ара гармоникалык аракетттери гана билим системасын кризистен чыгарат.Өзү билим берүү системасын өтө эле саясатташтырып алганбыз. Мектеп мугалимдери менен ЖОЖдордун окутуучулары шайлоо учурунда гана керек. Андан кийин аларды бийлик карабайт. Өнүккөн өлкөлөрдүн мисалын карайлычы. Японияда мугалимдин статусу мамлекеттик кызматчы менен теңдештирилген. Бардык социалдык гарантиялар берилет. Бирок, педагогдор бир дагы саясий иш-чараларга мажбур менен тартылбайт. Мугалимдин кадыры ар дайым биринчи орунда турат. Германия менен Австрияда болсо айыл мугалиминин маянасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердикинен жогору турат. Биз эмне үчүн андай жолго бара албай келебиз? Анткени, бизде саясий бийликти баюунун жолуна салып алганбыз. Аны иш жүзүнө ашыруу үчүн бардык бюджеттик кызматкерлер кыңк этпей баш ийип, ошол амбициялары зор, бир ууч “элиталарга” кызмат кылуулары керек. Биз мындай зыяндуу стереотипти тез аранын ичинде сындыруубуз зарыл! Андай жолго бара албасак өлкөнүн жаркын  келечеги жөнүндө кыялданбай деле койсок болот.“Болду, жетишет!”-деп кыйкырып, жаратмандуулук жолго түшүүчү убактыбыз келди! Эртең кеч болуп калат!

                                                          Айзада Дүйшөнбаева

error: Content is protected !!