Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Зыяратчылар 17-сентябрда мекенге келе баштайт

Коом
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
629

Ушу тапта Кыргызстандан барган зыяратчылар Меккеде  ажылык амалдарын аткарууда. Ал эми  9-сентябрдан тарта Мина өрөөнүнө ажылыктын  негизги  амалдарын аткаруу үчүн жөнөшөт.   "Арафатка чыгуу"  күнү бул жылы 11-сентябрга туура келет. 12-сентябрь, Курман айт күнү кыргызстандык ажылар шайтанга алгачкы 7 ташты атышып, Курмандыктарын союшат. 17-сентябрдан тартып зыяратчылардын алгачкы тобу өлкөгө  ажылык милдеттерин аткарып кайта башташат.

Мээрим Бактыбек кызы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.