Курс НБ на 22.10.2019 $69,8114 €77,7804

Жыл жаңырган түнү Кыргызстандын калкы 316 кишиге көбөйдү

Коом
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
342
 Жыл жаңырган түнү саат 00.00дө Кыргызстанда эки кыз төрөлгөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.
Анын айтымында, наристелердин бири Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, экинчиси Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жарык дүйнөгө келди.
Жалпысынан 31-декабрда эртең мененки 8.00дөн тарта 1-январдын ошол саатына чейин республика боюнча 316 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Алардын 155и эркек, 161и кыз. 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.