Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Журналист кыз үйүндө төрөп койгон келинге жардам берди

Коом
11 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
454
Бишкекте теле алып баруучу катары белгилүү кыз Наргиза Бекназарова төрөтканага жетпей үйүндө төрөп койгон келинге тез жардам бригадасы келгиче алгачкы медициналык жардамды көрсөттү. Бул туурасында социалдык түйүндөгү баракчасына анын жолдошу, журналист Азият Жекшеев жазган. Малыматка таянсак,  10-апрелде Улан-2 кичи районунда жашаган агасыныкына Жалал-Абад облусунунан коноко келген келиндин капыстан толгоосу башталган. Коркуп кеткен жеңеси, журналист кыздыкына чуркап келип жардам сураган. Наргиза Бекназарова барып ак халатчандар келгиче төрөлгөн баланын киндигин кесип, медициналык алгачкы жардам көргөзгөн. Баланын абалы жакшы. Аны тез жардам бригадасы баш калаадагы №6 төрөтканага алып кетишкен.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.