Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Жол тандабастардын ээлери салыкты көбүрөөк төлөшөт

Коом
03 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
399
1-февралда Жогорку Кеңеш кыймылдаткычтарынын көлөмү 3 литрден (3 миң куб сантиметр) жогору болгон жеңил автоунааларга салыкты 2-4 эсе жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Мындай демилгени Экономика министри Арзыбек Кожошев көтөрүп чыккан.  "Бүгүнкү күндө кыймылдаткычынын көлөмү 3 литрге чейинки унааларга салык 2700 сом. Бул салык өзгөрбөйт. Мыйзам долбоору кыймылдаткычтарынын көлөмү 3 литрден жогору унааларга гана тиешелүү", - деп түшүндүрүшөт министрликтен. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, жол тандабас ээлери салыкты көбүрөөк төлөп калышат.
Жазгүл Кенжетаева 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.