Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Жол үстүндөгү алгачкы өтмөк ачылды

Коом
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
42
9-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан жер үстүндөгү өтмөктөн биринчи болуп өттү. Өтмөктүн узундугу – 33 метр, бийиктиги 5 метр жана туурасы 3 метр. Анын жанында эки лифт да бар. Өтмөктү курууга шаардык бюджеттен 17,5 млн сом каралган. “Бул өтмөк жарандардын коопсуздугу жана жолдогу тыгындарды азайтуу максатында коюлду” деди мэр.  Жакында экинчи жол үстүндөгү өтмөк “Мадина” базарынын жанында ачылат. Мындан ары да мындай өтмөктөр шаардын башка жерлеринде да ачылмакчы.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу