Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Жол оңдоого байланыштуу коомдук унаа каттамдары өзгөрөт

Коом
19 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
314
Бишкек шаарында шаар жолдорун оңдоо иштерине байланыштуу бир катар троллейбустардын жана кичи автобустардын каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ахунбаев-Масалиев көчөлөрүн ортосундагы Тыналиев көчөсүндө 2017-жылдын 19-апрелинен тартып шаардык каттамдардын кыймылы өзгөртүлөт. №5 жана №14 троллейбустук каттамдар Айтматов проспектиси боюнча №1 Калкты тейлөө борборуна (Аэрофлот агенттиги) чейин каттайт. Ошондой эле, №100, 101, 107, 118, 130, 147, №159, 170, 188, 202, 203 жана 264 маршруттардын жүрүү тартиби да өзгөртүлөт. Көрсөтүлгөн кичи автобустар Ахунбаев көчөсү боюнча Тыналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин жана андан ары бекитилген схема боюнча жүрөт.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.