Курс НБ на 24.04.2019 $69,7009 €78,4240

Жол маселелеси чечилиши керек

Коом
11 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
23
Мындан эки-үч жыл мурун Балыкчы шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринин асфальтын сыйырып салышкан, ошондон бери оӊдолбой турат. Жергиликтүү тургундар нааразы, кайрылбаган жери калган жок. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу бүгүн  Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.«Балыкчы шаарынын тургундары кайра-кайра кайрылып чарчап бүтүштү. Мен дагы өкмөт өкүлүнө ушуну менен төрт жолу кайрылдым, эч нерсе чечилген жок. Качан чечилет, ачыгын айтып койгулачы. Мен билгенден, жолду курууга 250 млн сом бөлүнгөн, анын кайда жумшалганынын дайыны билинбей калды. Жок дегенде 7 чакырым жол асфальттанса, шаар тургундары чаӊдан арылып калмак», - дейт депутат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу