Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Коом
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
346
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эки унаа кагышып, жыйынтыгында беш адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Жол кырсыгы 13-февраль күнү түнкү саат 01.05дар чамасында катталган. "Ысык-Ата районунун Красная речка менен Нурманбет унаа жолунун 6-чакырымында Mercedes-Benz 230 жана Audi 80 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын айынан төрт адам ошол жерде жана бир адам ооруканада каза болгон. Ал эми дагы бири Ысык-Ата райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", — деп жазылат маалыматта. ӨКМдин куткаруучулары унаа ичинде кыпчылып калган эки адамдын денесин чыгарып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.