Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Жол кырсыгына кабылгандардын абалы жакшы

Коом
24 - Март 2017
www.erkintoo.kg
442
Бүгүн, 24-мартта Бишкектеги Шопоков менен Жумабек көчөсүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Алардын 5 аял, 2 эркек киши болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, жол кырсыгы тууралуу маалымат таңкы саат 08:28 чамасында келип түшкөн. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматынан 3 бригада жөнөтүлгөн. Жабыркагандар Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жеткирилген.  “Жабыркагандар 1996-жыл туулган И.А. аттуу кыздын жана 1997-жылы туулган Э.Кнын баш мээси чайкалып, травма алган. Алар №2 Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда алардын абалы канааттандырарлык. Тийиштүү медициналык жардамды алып жатышат. Ал эми калган жабыркаган 5 жаран амбулатордук жардам көрсөтүлдү”,-деп айтылат маалыматта.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.