Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

Жогорку соттун төрайымы А.Токбаева Октябрь райондук сотунда болду

Коом
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
605
Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева комплекстүү капиталдык ремонт иштеринен кийинки Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун имараты менен таанышты.  
 Төрайым Айнаш Токбаевага Сот департаментинин директору Р.Ибраимов жана Октябрь райондук соттун төрагасы Э.Чоткараев Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун имаратында жасалган капиталдык ремонт иштеринен кийинки түзүлгөн шарттар  менен тааныштырышты. Имараттын сот отурум залдары, судьялардын жана сот аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү ремонттолуп, имараттын сырты тегерете курчалып, жарык туташтырылган жана имараттын чатыры толугу менен алмаштырылган. 
Ошондой эле, имарат  өрт-кароол, сигнал берүү системасы, ички уюлдук байланыш жана архив бөлмөлөрү автоматтык өрт өчүрүү системасы менен камсыздалган. Сот имараттарынын кире беришинде пандустар жана анын кармагычтары курулган, көзү начар көрүүчүлөргө зарыл болгон  контрасттык маркировкалар, тактилдик көрсөткүчтөр, Брайла тамгалары менен даярдалган маалымат такталары илинген жана кулагы укпаган же начар уккандар үчүн үн чыгаруучу маяктар орнотулган. 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.