Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

​Жогорку сотто «Кумтөр» алтын кен компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арызы каралат

Коом
12 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
56
Сот иши бүгүн 12-январда  карала тургандыгын  доогерлердин өкүлү Эркингүл Иманкожоева «Азаттыкка» билдирген.  Эркингүл Иманкожоева «Кумтөр» алтын кен компаниясы доогерлердин пайдасына чыккан сот чечимдерине каршы Жогорку сотко кайрылганын билдирди.  Эске салсак, Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын цианид чуусуна байланыштуу доо арызын карап, «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген. Ал эми компания соттун бул чечимине макул эмес.  «Кумтөр» алтын кен компаниясы 1998-жылы  доогерлерге келтирилген зыян буга чейин төлөнүп берилген жана коюлган доого негиз жок деп Жогорку сотко даттанган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу