Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Жогорку сот Аскаров боюнча жооп берди

Коом
01 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
351
"Кыргызстан БУУнун Адам укуктары комитетинин Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу боюнча кайрылуусуна тиешелүү көңүл бурду. Териштирүү жараяны мыйзам эрежелерин сактоо менен жүргүзүлдү. Чечим чыгарууда Аскаровдун кесиптик ишмердигине жана улутуна байланыштуу кысым жасоо болгон жок". Мындай билдирүү бүгүн Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды. Ошондой эле аталган мекеме Аскаровдун иши саясатташып кеткени тууралуу пикирлерди четке какты. “Аскаровдун ишин кароо ачык жүрдү. Отурумдарга укук коргоочулар, эл аралык байкоочулар, журналисттер, элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Жактоочуларга кошумча күбөлөрдү алып келүү боюнча укуктарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди”,- деп жазылат билдирүүдө. 2010-жылдагы июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун иши БУУнун сунушу менен кайра каралып, бирок 24-январда Чүй облустук соту ошол эле өкүмдү күчүндө калтырган. Адвокаттар сот чечимин акыйкатсыздык деп атап, Жогорку сотко кайрыларын билдиришкен. Бул өкүмгө Аскаров өзү да нааразылык билдирип, түрмөдө ачкачылык жарыялаган.
Жогорку сот бүгүнкү билдирүүсүндө Аскаровдун жактоочулары апелляция жазууга акылуу экенин белгиледи.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.