Курс НБ на 05.08.2020 $76,9120 €90,7023

​Жогорку окуу жайларына кабыл алуу быйыл толук бойдон онлайн форматта өтөт

Коом
09 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
68
Бул үчүн  билим берүү министрлиги тарабынан атайын  “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты. Эскерте кетсек, Кыргызстанда быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү (ЖРТ) жыйынтыкталып, абитуриенттерди кабыл алууга даярдык көрүлө баштады.  Министрликтин маалыматына караганда кырдаалга байланыштуу абитуриенттер  өлкөнүн  бардык булуң-бурчунан  www.2020.edu.gov.kg сайтына   кирип эле  өз ү каалаган окуу жайга тапшыра алат. Эгер жогорку окуу жайга тапшырууда маселелер жана суроолор пайда болсо “1919” кыска номерине чалып, жооп алса болот.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу