Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты Керимкул Карабаев дүйнөдөн кайтты.

Коом
28 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
105
Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты Керимкул Карабаев узака созулган оорудан улам 81 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.   Ал 1939- жылы «Жаңы Жол» кыштагында дыйкандын үй – бүлөсүндө туулган.
Эмгек жолу:
1957 – 1967-жылдары Чаек колхозунда ар кандай жумуштарда иштеген
1967 – 1997-жылдары Дыйкан чарбасынын мүчөсү
1998 – жылдан бери    «Кызыл - Жылдыз» Айыл өкмөтүнө караштуу «Туу - Арча» фермер чарбасынын жетекчиси
1985 – 1995 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине эки жолку чакырылышынын Депутаты, ошол убакта Чаек Айылдык Кеңешине эки жолку Депутат, Нарын облустук Партия комитетинин бир нече жолку мүчөсү,
Кыргызстан Коммунисттик партиясынын XVII – XVIII Съездинин делегаты жана мүчөсү, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын  ХXVIII  Съездинин делегаты, Бүткүл Союздук Колхоздор Советинин Президиумунун мүчөсү болуп шайланган
Сыйлыктары   
1974 - жылы      III – даражадагы «Эмгек Даңкы» Ордени менен сыйланган
1976- жылы       II – даражадагы «Эмгек Даңкы» Ордени менен сыйланган
1983- жылы       I – даражадагы «Эмгек Даңкы» Ордени менен сыйланган, Советтер Союзунда «Эмгек Даңкы» Орденинин толук кавалери болуп сыйланган 54 адамдын бири
1987- жылы       «Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамдын ээси  
1995-жылы        Манас Эпосуна 1000 жыл аттуу медалынын ээси
1998- жылы       Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак Грамотасынын» ээси
2000- жылы       Нарын облусунун «Ардактуу Атуулу»
2007- жылы       Кыргыз Республикасынын Даңк медалы менен сыйланган
2009- жылы       Жумгал районунун «Ардактуу Атуулу» наамынын ээси
2015- жылы       «Өткөн ¬Өмүр» аттуу китеби жарыкка чыккан
Карабаев Керимкулдун жаркын элеси түбөлүккө эсибизде калат. Маркумдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу