Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Жибек Нукееваны колдоо үчүн кайрымдуулук коцерт өтөт

Коом
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
458
21-январда саат 17:00до Бишкектеги “Сейтек” борборунда  “Жаша Жибек” аттуу кайрымдуулук концерти өткөрүлөт. Бул тууралуу белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. “Кыргызстандын сулуусу – 2013” сынагынын жеңүүчүсү,  рак оорулуу  Жибек сөөктүн рак оорусу менен ооруп калган.  Залалдуу шишик өтө чоң  жана операция кылууга болбойт. Бир гана жолу бар, ал протондук терапиядан өтүү. Концерттен чогулган акча терапияга жумшалат,-делет маалыматта.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.