Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Жибек Нукеева дарыланууга Италияга жеткирилди

Коом
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
523

Рак илдетине кабылган "Кыргызстан сулуусу — 2013" наамынын ээси Жибек Нукеева өткөн жуманын аягында дарылануу үчүн Италияга кетти. Маалым болгондой Жибек Нукееванын оорусу  тууралуу маалымат өткөн жылдын аягында социалдык тармактарда тараган эле. Анда  Жибек өзү Facebook баракчасы аркылуу элге жардам сурап кайрылган.  Ал эми анын эжеси
Медина сиңдисине зарыл операция Чехиянын Прага шаарындагы Протондук терапия борборунда жасалып, анын баасы 80 миң евро турарын билдирген. Бир айга жакын убакытта жардам берген адамдар аркылуу  90 миң доллар акча чогулуп, өткөн жуманын аягында Нукеева дарылануу максатында Италияга жеткирилди. 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.