Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

​Жеке менчик бала бакчалар көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрү 50% кыскартылабы?

Коом
27 - Май 2019
www.erkintoo.kg
73
Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарында  1-июндан тартып мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө жаңы социалдык долбоорду баштаганы турат.  Министрликтинтин маалыматына караганда мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону кеңейтүү максатында мамлекет жеке менчик бала бакчалар көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50% өзүнө алууга даяр. Социалдык кызмат 3төн 5 жашка чейинки курактагы балдарга каралган. Көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп бала), аз камсыз үй-бүлө, баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болсо, ата-энесинин бирөөсү I же II топтогу майып болсо, ата-энесинин бирөөсү же экөө тең мамлекеттик/муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем болсо министрлик мындай үй-бүлөлөргө жардамга келип жеке менчик бала бакчада тарбияланган балдарынын төлөмүн 50 пайызын өзү төлөп берет.  
Бул долбоорго катышуу үчүн ата-энелер өзүнүн өтүнмөлөрүн КР Билим берүү жана илим министрлигине жиберсе болот. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында жайгаштырылган.
 Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.