Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Жазгы талаа иштерине карата насыя берүүгө быйыл 7 млрд сом каралган

Коом
16 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
298
 Өкмөттүн токтомуна ылайык, 3 багыт боюнча үч жылдык мөөнөткө (36 ай): мал чарбачылык тармагы жана өсүмдүк өстүрүү үчүн – жылына 10%, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө – жылына 6% менен насыя берилет. Учурда каражат алууну каалагандардын саны өсүүдө», – деди Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев.
Айыл чарба тармагында экспортко басым жасалаарын баса белгилеп, ЕАЭБ жана Европа рыногуна сүт азыктары, мөмө жемиштер жана кургатылган жер-жемиштерди чыгаруу пландалып жаткандыгын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.