Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Жаңы конуштардын жолдорун түздѳѳ иштери жүргүзүлѳт

Коом
11 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
15
Жол инфраструктурасын жакшыртуу, транспорт кѳйгѳйлѳрүн чечүү жана тургундардын жүрүүсүнѳ ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынын жаңы конуштарында 200 км жол катмары түздѳлѳт.
 Бүгүнкү күндѳ «Бишкекафальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан «Арча-Бешик», «Тѳкѳлдѳш», «Кара-Жыгач», «Рухий-Мурас», «Кѳк-Жар», «Алтын-Ордо» жаңы конуштарында жолдорду түздѳѳ иштери жүргүзүлдү. Түздѳлгѳн  жолдордун жалпы узундугу 54430 погондук метрди түзѳт. Учурда ишкана «Учкун» жаңы конушунда түздѳѳ иштерин ѳткѳрүп жатат.
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу