Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

Жаңы кодекстер боюнча кезектеги талкуу болуп өттү

Коом
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
31
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексиндеги, Жазык кодексиндеги жана Жазык–процессуалдык кодексиндеги кемчиликтерди жана коллизияларды жоюу боюнча ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо боюнча тегерек үстөлдүн ишине катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин сунуштамасын эске алуу менен уюштурулган. Анын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик Аппараттын, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле жаңы кодекс жана мыйзамдардын иштеп чыгуучулары катышты. Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө катышуучулар каралып жаткан Мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштары талкууга алынды. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун айтылган эскертүүлөр жана сунуштар менен жалпылап кайрадан кароо чечими кабыл алынды.
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу