Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Жаш мугалим сени мектеп күтөт

Коом
10 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
11
Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Тил жана Айтматов» үч айлыгы жарыяланган. Бул жарлыктын негизинде И.Арабаев атындагы КМУда конференция, семинар, кароо-сынактары өткөрүлүп жатат. Бул багытта  1-октябрда доцент Нусубалиева Элизанын жетекчилиги астында университеттин  лингвистика,  география, экология жана туризм, экономика жана менеджмент факультеттеринен 130дан ашык студент Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында өтүп жаткан Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин жаңыча сахналаштырылган спектаклин көрүп келишти.  «Мугалимдик кесип ар дайым ардактуу. Анткени азыркы мезгилде гана эмес, оор турмуштук шарттарда, т.а. согуш мезгилинде, ачкачылык, жокчулук заманда да мугалимдер адамдын адамдык касиеттин сакталышына, оорчулукту сабырдуулук менен көтөрө билүүсүнө үйрөткөн адам. Ошондуктан жаштарды бул кесиптен алыстабай эмгектенүүсүн аталган чыгарма аркылуу көрсөткүм келди», – деди Э.Нусубалиева.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу