Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Жаш кыз менен жигит эсине келе элек

Коом
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
25
Кечээ, 8-ноябрда Талас районунун Көк-Токой айылында болгон унаа кырсыктан жабыр тарткандардын ысымдары белгилүү болду деп маалымдады Турмуш басылмасынан.
Маалыматка караганда, түнкү саат 2:00 чамасында болгон кырсыктан таластык 1995-жылы туулган жигиттер — Ж.уулу Акылбек менен А.Бексултан ошол жерде каза болгон. Дагы 2 жабырлануучу оор абалда облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бири Талас шаарынын 1996-жылы туулган тургуну С. уулу Тилек, экинчиси 1998-жылы туулган А. кызы А. экендиги такталды.
Төртөө «Хонда Сабер» үлгүсүндөгү унаада бара жатканда кырсыкка кабылышкан. Унаа башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен эле.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу