Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Жарандарыбыз кара тизмеден чыгарылат

Коом
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
357
Учурда  Орусиянын “кара тизмесинде” 110 миң кыргызстандык бар. Алардын  көпчүлүгүн тизмеден чыгаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Медетбек Айдаралиев премьер-министр Сооронбай Жээнбековго маалымат берип жатып  билдирди. Өкмөт башчы өз кезегинде  кыргызстандык мигранттардын укугун коргоону жакшыртууну жана мекендештерди “кара тизмеден” чыгаруу үчүн активдүү иш алып барууну төрагага тапшырды. 2013-жылы Орусия бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага жазылган жарандар өлкөгө кайра киргизилбейт.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.