Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Жарандар аттарын өзгөртүшкөн

Коом
02 - Март 2017
www.erkintoo.kg
301
2016-жылдын июнь айынан сентябрь айына чейин Бишкектеги Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май районунун жарандык абалдарды каттоо бөлүмдөрү жасалма жол менен Түштүк Кореяга кетиш үчүн 56 кыргыз жаранынын аты-жөнү өзгөртүп, аларды мыйзамсыз ажыраштырып, кайра никеге тургузуу иштерин жүргүзүшкөнү маалым болду. Бул тууралуу маалымат SUPER.KG порталына жайгаштырылган. Андыктан, бүгүн  Башкы прокуратурадан Бишкектеги жарандык абалдарды каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун кабарлады. Аларга "кызматтык жасалмачылык", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголгон,- делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.