Курс НБ на 20.08.2018 $69,4557 €79,1552

Жарандар адвокаттын кызматын бекер пайдалана алышат

Коом
10 - Май 2018
www.erkintoo.kg
45
Кыргызстандын жарандардын аялуу катмары, жашы жете элек балдар, пенсия жашындагы карыялар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр  адвокаттын кызматын бекер пайдалана алат. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып өттү. Анын айтымында, мындай жардам мыйзам чегинде белгиленген жана республика боюнча иштейт. Андан тышкары  Юстиция министрлигинде юристтер акысыз кеңеш берген атайын борбор бар. Эгер соттук иш кайсы бир районго же облуска тиешелүү болсо ошол жактагы адвокат бекер кызмат көрсөтөт. Жакынкы күндөрдөн тартып жарандык жана административдик соттук иштерде да адвокаттын кызматын бекер пайдаланса болоорун кошумчалады.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.