Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги КУУга автомобиль белек кылды

Коом
13 - Март 2018
www.erkintoo.kg
149
Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн 1-орун басары Имай Сэйдзю мырза КУУнун ректору Канат Садыковго Toyota Land Cruiser автомобилин тапшырды. Аталган жолтандабас Улуттук университетке "Кыргыз-Жапон борбору" долбоорунун алкагында JICA менен активдүү өнөктөш болгондугу үчүн берилди.
Автомобилдин техникалык паспортун жана ачкычын алып жатып, Канат Садыков "бул транспорттук каражат Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги үчүн, Имай Сэйдзю мырза айткандай, "жупуну" деп эсептелингени менен, Улуттук университет үчүн - маанилүү, сыйлуу, чоң белек" экендигин белгиледи. - Мен бул белекти "Кыргыз-Жапон борбору" долбоорунун алкагындагы JICA менен КУУнун ийгиликтүү кызматташтыгынын символу катары кабыл алам жана Улуттук университеттин жалпы жамаатынын атынан сиздерге ыраазычылык билдирем, - деди КУУнун ректору.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.