Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Жапаров журналисттердин кирешесин ачыктоону сунуштады

Коом
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
349
Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров “журналисттер жана медиа ээлери тапкан кирешеси тууралуу элге отчет бериши керек” деп сунуштады. Бул тууралуу парламент жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканда билдирди. “Жалпыга маалымдоо каражаты менен алектенип, ошону менен бизнес кылып, ошол жол менен атак-даңкын чыгарам деген адам киреше-чыгашасын ачык жарыяласын. Ар бир журналист, басылманын ээси бир тыйынына чейин элге отчет бериши керек. Буларды ооздуктабаса, ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап коюп жүрүшөт”, – деди ал. Акылбек Жапаров айрым журналисттер аткаминерлерден акча алып жүргөнүн, бербегендерди жамандап макала жазарын сындады. Депутаттын бул пикири социалдык тармактарда кызуу талууну жаратты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.