Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

Жалпы республикалык тестирлөө болот

Коом
13 - Май 2017
www.erkintoo.kg
525
Эскерте кетсек тестирлөөгө  каттоо өлкө боюнча 6-марттан 6-апрелге чейин жүргүзүлгөн. Катталгандардын саны 45 миңден ашкан. Ал эми тестирлөө 16-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда бул жылы да, мурдагы жылдардай эле, предметтик тесттер химия, биология, физика, математика, тарых, англис тилинен өтөт. Абитуриенттер үчүн тест эки тилде сунушталат: кыргыз жана орус тили.
Жалпы республикалык тестирлөө өлкө аймагында төмөнкү этаптар менен өткөрүлөт:
1 этап – 16-17-майларда;
2 этап – 19-20-майларда;
3 этап (акыркы тест) – 23-24-июндарда.
Республиканын ар бир регионунда 123 борбор ачылып иштейт. 15-18-майларда каттоодон өтүүгө жетишпей калган абитуриенттер үчүн катталуу мүмкүнчүлүгү берилмекчи.

Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.