Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Жайыттарды пайдалануу үчүн чогултулган төлөм 1-ноябрга чейин узартылды

Коом
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
314
Жайыттарды пайдалануу үчүн чогултулган төлөм жыл сайын 1-октябрга чейин күчүндө болчу, жаңы мыйзамга ылайык, ал 1-ноябрга чейин узартылды. Эгерде бул мөөнөт эрежеси сакталбаса, анда жалпы убактысы өткөн төлөмгө ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн кошумча туум эсептелинет. Тиешелүү өзгөртүүлөр “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга киргизилген - техникалык жардамды КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ишке ашырып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоору көрсөттү деп билдирди Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Дагы бир жаңылануу - жайыттарды пайдалануу үчүн чогултулган бардык акча каражатынын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес (салыкты кошкондо) жергиликтүү бюджетке жиберилип турушу керек.
“Мурда мындай бөлүнүү болгон эмес. Жайыт комитеттери жергиликтүү бюджетке акчаны жергиликтүү бийликтин чечими менен беришчү. Мисалы, 2014-жылы республика боюнча 130 млн акча каражаты чогултулса, андан жергиликтүү бюджетке 18 млн сом акча берилген. Жаңы жобо боюнча бул 43 млн сомду түзмөк. Өкмөттүн аныктоосу боюнча ар бир районго ченем коюлуп, азыр жайыт комитеттери жер салыгын гана төлөйт”,- дейт Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин директору Урмат Мырзакматов.
Муну менен бирикмеде калган төлөмдүн бөлүгү жайытты кармоого, жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталышы керек.
 Булак: «Кабар»


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.