Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Жайыл ооруканасында бейтап 4чү кабаттан секирип каза тапты

Коом
12 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
51
Чүйдүн Жайыл районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 65 жаштагы эркек киши төртүнчү кабаттын терезесинен секирип каза болду. Бул туурасында  дарыгерлер борборунун орун басары Ирина Асанбекова кабарлады. Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 8:12де катталган. Анда Кара-Балта шаарынын жашоочусу тамчылатып ийне сайдырууга келген. Медайым аны жаткырып коюп, өзү керектүү каражаттарды алып келүүгө чыгып кайра келгенде таппай калган. Жыйынтыгында оорукананын алдында адам жаткандыгы туурасында маалымат түшкөн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу