Курс НБ на 20.07.2019 $69,6517 €78,3651

“Жайлоо өнүгүү борборлору” иштеп башташты

Коом
19 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
44
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда 100дөн ашык, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз ишин баштоодо. Бул багытта жакында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук администрациясынын башчысы, аким, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ата-энелер катышты. “Учурда 28 бала тарбияланууда, аларга ар кандай мастер класстар өтүлүүдө. Билим берүү башкармалыгы тарабынан балдарга көптөгөн китептер берилди. Айыл өкмөтү балдардын жана тарбиячылардын тамак-аш маселесин чечип бермей болду”, - деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакчалар боюнча адиси, Чынара Табылдиева.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу