Курс НБ на 19.07.2019 $69,6517 €78,3651

​Жайлоо бала бакчасы

Коом
11 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
23
9-июлда Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен Панфилов районунун 189 км жайгашкан Суусамыр жайлоосунда “Сейтек” жайлоо бала бакчасынын салтанаттуу ачылышы  болуп өттү. Иш-чарага Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ашыкеев Б.Т, Чалдыбар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Копбаев А, Чалдыбар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Шаева А.А, башкы эсепчи Шаршенова Г, РБББ адистери, бала бакчалардын кызматкерлери, балдар жана ата-энелери катышышты.
Жайлоо бала бакча долбоорунун негизги максаты жайлоодогу малчылардын балдарын мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү. Долбоордун программасы жай мезгилинде жайлоодо жүргөн ар кыл курактагы балдарды кыска мөөнөт ичинде окуу-куралдар, оюн-зоок программалар менен тааныштырып жана жакшы тарбияга үйрөтөт. “Сейтек” жайлоо бала бакчасында эртең мененки саат 9-00дөн баштап түшкү 13-00гө чейин 15-20 бала тарбияланууда. Алардын курагы 4 жаштан 15 жашка чейин. Бала бакчанын тарбиячылары Панфилов райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалып, методикалык окуу куралдары менен камсыздалган. Жайлоо бала бакча демилгеси жылыга уюштурулуп айыл өкмөт тарабынан да колдоо көрсөтүлүп келет. 2018-жылы Курама айыл өкмөтү демилгени колдосо, 2019-жылы Чалдыбар айыл өкмөтү көчмө эстафетаны колго алып “Сейтек” жайлоо бала бакчанын боз үйүн жайгаштырып, тарбиячыларга тамак -аш азык-түлүгүн камсыздаган.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу