Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Жабыркагандарга жардам берүү улантылууда

Коом
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
332
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-январда берген маалыматы боюнча, авиа кырсыктан жабыркагандар үчүн эки күндө 9 тонна кийим-кече, 1 тонна ун, 100 кг макарон, 30 литр өсүмдүк майы, 30 кг тамак-аш жана 65 290 сом акча жыйналган. Бул өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган көмөктөшүү түйүндөрүнө чогулган гумжардам. Министрликтин маалыматы боюнча, кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү бардык аймактарда уланууда. Каалоочулар ӨКМдин Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен жана Бишкек шаардык башкармалыктарында ачылган көмөктөшүү түйүндөрүнө кайрыла алышат. Мындан тышкары жапа чеккен жарандар үчүн 112 түз байланыш номуру иштеп жатат.
Самара Капарова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.