Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом
27 - Март 2017
www.erkintoo.kg
397
Өлкө аймагында 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Кыргызгидрометтин эскертүүсү боюнча, Бишкек—Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138-чакырымдарда, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдарда, (Көк-Бел ашуусу) 351-365-чакырымдарда, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолундагы 65-110-чакырымдарда, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман—Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), Бишкек—Нарын—Торугат унаа жолунун (Долон ашусуу) 289-291-297-298-чакырымдарында, Арал—Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол—Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында, Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Ошондой эле, унаа жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.