Курс НБ на 22.09.2018 $68,8080 €81,1487

Өзгөчө номерлердин баасы төмөндөдү

Коом
13 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
58
10-апрелден тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилеринин баасын төмөндөтүү жөнүндө токтому күчүнө кирди. Бул тууралуу мамкаттоо кызматы маалымат таратты. Айрым комбинацияларга карата баа 56 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. Мисалы, мурда 777 комбинациясына старттык баа 54 миң сомду түзүп турса, эми ал 30 миңге чейин төмөндөтүлгөн. Ошондой эле, аукционсуз сатылуучу номерлерге карата катталган баалар 4 миң 500 сомдон 3 миң сомго чейин, 2 миң 700 сомдон 1 миң 500 сомго чейин төмөндөтүлгөн.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.