Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

"Зеленстрой" шаарды тазалоодо

Коом
24 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
313
"Зеленстрой" муниципалдык ишканасы Бишкектеги арыктарды тазалап, бак-дарактарды бутап жатат. Бул тууралуу  мэрия билдирди. Маалыматтарга караганда, ишкананын кызматкерлери Можайский, Ижевкс жана Пенза көчөлөрүндөгү ирригациялык системаларды тазалап жатышат. Жалпы  ишкананын карамагында 86,6 чакырымдык арыктар бар. Ошондой эле,  Бөкөнбаев, Боталиев, Токтоналиев, Орозбеков, Абдрахманов, Тоголок Молдо, Киев көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульвары менен Чүй, Манас жана Жибек Жолу проспектилериндеги бак-дарактар буталууда. Мэрия жумушчулардын эмгегин баалап таштандыларды атайын жайга төгүүнү сунуштайт.  
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.