Курс НБ на 22.10.2019 $69,8114 €77,7804

Өзбекстандык чек арачылар кармап кеткен жарандар мекенине кайтышты

Коом
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
374
11-декабрда автоунаада бара жаткан үч кыргызстандык жаранды Өзбекстандын чек арачылары кармашкан. Алар тумандан улам жолдон адашып кетишкенин маалымдашкан. Ошондон бери кармалган кыргызстандыктар Өзбекстандын Наманган облусундагы Чуст райондук ИИБда кармалып турушкан. Кыргызстандык жарандардын кармалганына байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында эки жаран Кыргызстанга кайтты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, үчүнчү жаран да жакынкы күндөрдө кайтарыларын өзбек тарап билдирүүдө. Бул үчүн анын тек-жайын тастыктаган документтери талап кылынууда.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.