
Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

Өзбекстандан жаштар делегациясы келет
Өзбекстан менен Кыргызстандын жаштарынын өз ара тажрыйба алмашуусунун өзбек жаштары Кыргызстанга келип кетишет. Буга чейин алгачкы тажрыйба алмашуу жыйыны Ташкент шаарында өтүп, ага Кыргызстандын чек аралаш областтарынан 20 жаш активисттер барып катышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад шаар мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитетинен билдирди. Чек аралаш областтардын достук-кызматташтык иш-аракеттери муну менен гана токтоп калбай, Ош, Баткен, Жалал-Абад областтары менен Наманган, Анжиян, Самарканд областтарынын жаштарынын кийинки жолку тажрыйба алмашуу жолугушуусу Ош шаарына пландалган.
Мээрим Бактыбек кызы
Мээрим Бактыбек кызы
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек