Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

​Зарыл болбосо алдыдагы суук айларда сыртка чыкпай эле коюңуздар!

Коом
16 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
117
 Мындай кеңешти Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев  кыргызстандыктарга берди.  Анын айтымында, зарыл болбосо ноябрь, декабрь айларында сыртка чыкпай, эл көп жерге барбай эле койгон оң.
"Менин жеке көз карашымда, алдыдагы суук мезгилдерде, алсак, ноябрь, декабрь, январь жана февраль айларында ооругандардын саны бирде көбөйүп, бирде азайып өйдө-ылдый болот. Мына ушул айларда мурдагыдан көбүрөөк коргонуп, өзүбүзгө кам көрүшүбүз зарыл. Оору баланча айда күчөйт экен деп эле ошол убакка даярдыкты көрө бербей, дайыма стартта турушубуз керек. Ал эми жаңы 5-протокол боюнча, үй-бүлөлүк дарыгерлер коронавирус менен жеңил ооруган адамдарды үйүнө жиберип, оор көтөргөнүн бейтапканага жаткырат. Үйдө дарыланган адамга антибиотик, кан суюлтуучу препараттар сунушталбайт. Жөн гана обочолонуп, туура тамактанып, суюктукту көп ичип, кыймылдуу болуп жана дем алуу көнүгүүлөрүн жасашы керек. Бейтап өзүнүн абалына байкоо жүргүзүп, эгер абалы оорлосо дарыгерге кайрылышы зарыл. Мына ушундай эң жөнөкөй ыкмада коронавирусту жеңсе болот", — деди Сооронбаев Спутник агенттигине маек берип жаткан учурда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.