Курс НБ на 29.10.2020 $81,6688 €96,0833

Заирбек Жоошбеков Эсептөө палатасынын аудиторлугуна бекитилди

Коом
27 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
380
Жогорку Кеӊеш талапкерлиги КР Президенти тарабынан сунуш кылынган Жоошбеков Заирбек Сулаймановичти Эсептөө палатасынын аудиторлугуна бекитти. Бул кызмат орду буга чейин убактылуу бош турган. Заирбек Жоошбеков парламентте ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди. Заирбек Жоошбеков 1962-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.