Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

Ысык-Көл рейтингдин көч башында

Коом
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
688
Белгилүү болгон соңку маалыматтарга таянсак, быйыл 1-июндан 31-августка чейин КМШ өлкөлөрүн кыдырып эс алган Орусия жарандарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 10%га өскөн. Быйыл туристтер арасында эң популярдуу 5 курорттун тизмесин Ысык-Көл баштады. Андан кийинки катарга Бурабай (Казакстан), Нарочь (Белоруссия), Лянкарань (Каспий деңизи, Азербайжан) жана Севан (Армения) кирди.
 Орусиялык туристтер деңиз жээгиндеги курорттор менен эле чектелишкен эмес. Алар эң көп кыдырган жана кеминде үч күн жашаган алдыңкы он шаардын катарына Алматы, Баку, Астана, Ереван, Киев, Бишкек, Витебск, Кишинев жана Ташкент кирди. Туристтер Бишкекти эң арзан, ал эми Астананы эң кымбат шаар деп табышкан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.